Коом
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 2 жашар кыз кулап кетти. Анын абалы оор
Элита плюс
Март 26, 2021 г.
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 2 жашар кыз кулап кетти. Анын абалы оор
© Элита плюс

Кечээ, 25-мартта Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен 2 жашар  кыз кулап кеткен. Кырсык Бишкектин Чүй кең көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Наристе №3 шаардык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бүгүнкү күнгө карата кыздын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Азыр наристенин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жабык жаракат алган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Булак: Super.kg