Коом
Бишкекте кошумча орундуктар даярдалды
Элита плюс
Июль 08, 2020 г.
Бишкекте кошумча орундуктар даярдалды
© Элита плюс

Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооругандар үчүн кошумча орундуктар түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов брифингде билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү даректерде кошумча орундуктар түзүлдү:

• “Континенталь” мейманканасы, дареги: Интергельпо көчөчөсү 1, 225 койка-орун;

• Каниметов атындагы №1 интернат, дареги: Жибек-Жолу көч., 625, 120 койка-орун;

• Көзү азиз жана дүлөйлөрдүн атайын орто билим берүү мектеп-интернаты, дареги: Кулатов көч., 37, 80 койка-орун;

• “Discovery” мейманканасы, дареги: Оренбургский 31, 48 койка-орун;

• Доктор Назаралиевдин медициналык борбору; 60 койка-орун;

• И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Улуттук Медициналык Академиясы, 300 койка-орун;

• Обсервация үчүн “Дордой” ассоциациясы тарабынан курулган медресе же “Ынтымак” жаңы конушундагы госпиталь - 150 орун.