Коом
Бишкекте коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы акция өтөт
Элита плюс
Август 26, 2020 г.
Бишкекте коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы акция өтөт
© Элита плюс

Бишкек шаарындагы "Ынтымак" сейил багында коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы акция өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Шаар тургундары менен коноктору борбор калаадагы сейил бактарда эс алууну жактырышат. Алар сейил бактарга эс алуу, сейилдөө үчүн келишет. Бирок ал эс алууну тамекинин түтүнү бузуп коет. Айрымдар жанында кичинекей бала болгонуна карабай тамеки чегишет. Биз шаар тургундарын сейил бактарда, айрыкча балдардын оюн аянтчаларында тамеки чекпөөгө чакырабыз", - деп билдирет мэрия.

Бүгүн "Ынтымак" сейил багында коомдук жайларда тамеки чегүүгө каршы акция өтүп, "Сейил бак - тамекинин түтүнү жок эс алуучу жай" деген жазуулары бар 10 стенд орнотулат.

Жакында андай стенддер шаардагы башка сейил бактарда да пайда болот.