Коом
Бишкекте коменданттык саатты бузган 157 жаран кармалды
Элита плюс
Март 28, 2020 г.
27-марттын саат 20:00дөн 28-марттын саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды.Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев бирифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран жана 3 өспүрүм”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.
“Коменданттык саатты бузгандарга укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, эскертүү берилет жана административдик айып салынат”, - деди Орозалиев.