Коом
Бишкекте коменданттык саатта тартип бузган 146 жаран кармалды
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
Бишкекте коменданттык саатта тартип бузган 146 жаран кармалды
© Элита плюс

Бишкекте түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 146 жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев брифингде билдирди.

“26-мартта саат 20:00дөн 27-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран”, – Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.