Коом
Бишкекте көмүскөдөгү ишкана табылды
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Бишкекте көмүскөдөгү ишкана табылды
© Элита плюс

Бишкекте тигүүчү цехтердин биринин аймагынан майнер табылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. «Түндүк электр» ишканасынын өкүлдөрү Финансы полициясына кайрылып, Баялинов көчөсүндөгү тигүү цехинин ишин текшерүүнү суранышкан. Ал жерге энергетиктерди киргизбегенден улам мыйзамсыз иш жүргүзүлүп жатат деген шек жаралган. Каржы полициясынын өкүлдөрү тигүү цехти текшерип, жыйынтыгында электр тармактарына жана интернетке туташкан 187 майнер тутумун табышты. Бул криптовалюта өндүрүү үчүн колдонулат. Аталган факт Жазык кодексинин 211-беренеси «Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш» боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө жүрүп жатат