Коом
Бишкекте ижарачылар кайрылуу жасашты
Элита плюс
Сентябрь 07, 2020 г.
Бишкекте ижарачылар кайрылуу жасашты
© Элита плюс

Борбор калаадагы соода түйүндөрдө , коомдук тамактануучу жайларды иштеткен ижарачылар Премьер-министр Кубатбек Боронов жана шаар мэри Азиз Суракматовго кайрылуу жасашты. Алар пандемиядан улам беш айдан бери иш токтогондугуна байланыштуу, киреше түшпөй калганын жана алган насыянын төлөмдөрүн убагында төлөй албай жаткандарын билдиришти. Ошол учурда санитардык талаптарды так сактоо менен мурдагыдай ишин улантууга уруксат берүүнү суранашты. Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 20-мартта соода түйүндөрдөгү бардык жайлар жабылган.