Коом
Бишкекте ИИМдин Ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүнүн жоокери асынып алды
Элита плюс
Декабрь 21, 2020 г.
Бишкекте ИИМдин Ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүнүн жоокери асынып алды
© Элита плюс

Бишкекте ИИМдин Ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүнүн жоокери асынып алды. Маалыматты аталган кызматтан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички аскерлеринин 702 аскер бөлүгүнүн жоокери бүгүн, 21-декабрь күнү саат 06:00 чамасында асынган абалда табылган.

Ал 22 жаштагы А.Б. аттуу жоокер болгон.

Окуя болгон жерде Аскер прокуратурасы иштөөдө.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, окуянын чоо-жайы такталууда.