Коом
Бишкекте эки унаа кагышып, 3 адам жабыркады
Элита плюс
Март 09, 2023 г.
Бишкекте эки унаа кагышып, 3 адам жабыркады
© Элита плюс

Бүгүн, 9-мартта саат 10:00дөр чамасында Ч.Айтматов жана М.Гшлиессера көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Мазда 6" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу түштүк тарапты көздөй бара жатып, М.Гшлиессер көчөсүнүн кесилишинен "Тойота Королла" менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам - эки унаанын айдоочулары, "Мазда 6" унаасынын жүргүнчүсү жабыркаган.

Учурда унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды.