Коом
Бишкекте дагы 3 стационар жабылды
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Бишкекте дагы 3 стационар жабылды
© Элита плюс

Бишкекте дагы 3 стационардын иши токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдирди. Мындай чечим, стационарларга келгендер азайып же эч ким кайрылбай калгандан кийин кабыл алынды.Маселен, Аламүдүн кичи районундагы №38 мектептин имаратындагы, «Консул» рестораны менен «ДСК» спорт комплексинде жайгашкан түнкү стационар жабылды. Буга байланыштуу 12-кичи райондогу муниципалдык наабайкананын базасындагы стационар күнү-түнү иштөө режимине өттү. Шаардагы стационарларда азыр 137 медициналык кызматкер иштеп жатат: 40 дарыгер, 50 медайым, 30 санитар жана ыктыярчылар. Бир суткада күндүзгү стационарлар 733 адамга медициналык жардам көрсөтүлсө, түнкү стационарларга 42 адам кайрылган. Акыркы суткада адам өлүмү болгон жок.