Коом
Бишкекте белгисиз адамдар тобу түндө басып жүрүштү
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
Бишкекте белгисиз адамдар тобу түндө басып жүрүштү
© Элита плюс

Бишкекте белгисиз адамдар тобу түндө бир катар көчөлөргө чейин басып жүрүштү.

Ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү алардын кадамын көзөмөлдөп турганын жана эч кандай талап-тоноочулук болбогонун шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардан түзүлгөн координациялык кеңештен билдиришти.

Маалыматка караганда, түндө талоончулук болот деген коркунучтар болгон. Ыктыярдуу элдик кошуун белгисиз адамдар тобу жүргөн көчөлөрдөгү кафе, соода борборлорун курчап, аларга кимдир бирөөнүн киришине жол берген эмес. Кошуун жарандарды талап-тоноого жол бербөө үчүн жардамга чакырышты.

7-октябрда таңга маал абал турукташты. Ал эми Ала-Тоо аянтында тарабай турган митингчилер түндө үч жерге от жагып, жылынып жатканы тартылган видео-сүрөттөр тарады.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. Он алты партия катышкан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп-таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митинчилер менен милициянын кагылышуусу болгон.

6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Коррупцияга айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан. Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан.