Коом
Бишкектеги бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус табылды
Элита плюс
Июнь 09, 2020 г.
Бишкектеги бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус табылды
© Элита плюс

 

ПЧР-диагностикасынан өткөрүүдө Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 6 кызматкеринен коронавирус табылгандыктан, азыркы учурда бала бакчаларды ачууга даярдык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрилиги билдирет. 

Маалыматка  ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жандантуу тууралуу КР ССМ жана КР ББжИМ биргелешкен буйругуна ылайык, республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын бардык кызматкерлери ишин баштаганга чейин коронавирус инфекциясынын бар-жогуна карата ПЧР-диагностикадан өтөт. Бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика жүргүзүү мүлк формасына карабастан акысыз болот.

Ошондой эле, мамсанэпид көзөмөл борбору республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдарды кабыл алуу боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүп, санитардык жазма буйруктарды беришүүдө. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тийиштүү санитардык нормалар (санитайзер, дез.килем орнотуу, термометрия ж. б.) шаардык санэпид көзөмөл борборунун адистери балдарды кабыл алуу үчүн тиешелүү бекитилген алгоритмдин негизинде уруксат беришет.