Коом
Бишкекте автоунаа айдап качкан эки жигит кармалды
Элита плюс
Апрель 19, 2021 г.
Бишкекте автоунаа айдап качкан эки жигит кармалды
© Элита плюс

Милициянын кайгуул кызматкерлери автоунааны айдап качканга шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-апрелинде болжол менен саат 03:43төр чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына “Көк-Жар” кичирайонунан автоунааны мыйзамсыз айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери болжол менен саат 03:20лар чамасында “Гольф-3” үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз жарандар мыйзамсыз айдап кеткендигин такташкан.

Милиция кызматкерлери дароо чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе Достоевский көчөсүнөн унааны айдап бара жаткан жеринен кылмышка шектүү катары 2004-жылы туулган Б.Т. жана 2005-жылы туулган К.у.Б. аттуу жарандарды кармашып, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин ("Автотранспорт каражаттарын айдап качуу") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.