Коом
Бишкекте автобустардын каттамы азайды
Элита плюс
Октябрь 28, 2020 г.
Бишкекте автобустардын каттамы азайды
© Элита плюс
Бишкекте линияга чыгуучу автобустардын саны азайды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, буга транспорттун бузулгандыгы себеп болуп, запастык бөлүктөр талап кылынууда. "Октябрь айынын башындагы тополоң учурунда активисттерди ташыган 13 муниципалдык автобустардын терезелери сынган. Ошол себептен линияга чыгуучу транспорттун саны 110-115тен 90го чейин кыскарды", - деп билдирди мэрия.
 
Муниципалитет кошумчалагандай, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы буга чейин запастык бөлүктөрдү сатып алууга тендер жарыялап, унааларды тез арада иретке келтирип, линияга чыгарууну пландап жатат.