Коом
Бишкекте 9 мектеп жана бала бакча оңдоодон өтөт
Элита плюс
Декабрь 11, 2020 г.
Бишкекте 9 мектеп жана бала бакча оңдоодон өтөт
© Элита плюс

Бишкек шаардык мэриясы жакында борбордогу мектептерди жана бала бакчаларды оңдоо иштерине тендер жарыялайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Пландалып жаткан тендердин жалпы суммасы 8 миллион 719 миң 890 сомду түзөт.

"Жалпы 9 билим берүү мекемелерин оңдоп-түзөө пландаштырылууда. №7, №47, №8 мектептер жана №72, №185 бала бакчалардын терезе блоктору, №13 мектепте терезе жана эшик блоктору алмаштырылат. Ал эми №53 бала бакчанын чатыры, №26 бала бакчанын жыгач полу оңдолот. Тендер бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

Сатып алуулар жөнүндө сөз кылганда, "Кара-Жыгач" конушунун жашоочулары сентябрь айындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы аталган конушка канализациялык тармактарды тартуу үчүн тендер жарыялаганын, бирок тендер өтпөй калгандыгын эстешсе керек. Биз дагы деле жогоруда аталган объект боюнча тендер кайрадан жарыялоону пландап жатабыз, жумуштун алдын-ала баасы 3 миллион 392 миң 100 сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.