Коом
Бишкекте 9 күн ичинде күндүзгү стационарларга 24 миңге жакын жаран кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. 9 күн ичинде стационарларга 23 миң 819 кайрылуу болуп, алард
Элита плюс
Июль 13, 2020 г.
Бишкекте 9 күн ичинде күндүзгү стационарларга 24 миңге жакын жаран кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.  9 күн ичинде стационарларга 23 миң 819 кайрылуу болуп, алард
© Элита плюс

Бишкекте 9 күндүн ичинде күндүзгү стационарларга 24 миңге жакын жаран кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

9 күн ичинде стационарларга 23 миң 819 кайрылуу болуп, алардын ичинен 17 миң 890 киши тамчылатма дары, 5 миң 781 адам дарыгерлерден кеңеш алган. Ошондой эле кайрылгандардын ичинен 139 киши ооруканага жаткырылган. Тилкекке каршы 9 киши каза болгон.

Күндүзгү стационарлар эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштейт.

Мэриядан белгилешкендей, стациоанарларда кезек күткөндөрдүн саны азая баштады. Статистика боюнча, жаңы ачылган стационарларга кайрылгандардын саны азыраак болууда.

Жаңы ачылган стационарларга кайрылсаңыздар кезек аз болот:

- “Ак-Босого ” конушундагы №81 мектеп (40 орун);

- Анкара көчөсүндөгү “Сейтек” мектеби (50 орун);

- Дордой-13 көчөсүндөгү №94 мектеп (50 орун);

- Токтогул көчөсүндөгү №68 мектеп (30 орун);

- “Аламүдүн-1” кичирайонундагы №38 мектеп (50 орун).