Коом
Бишкекте 5, 11 жана 14-каттамдагы троллейбустардын иши убактылуу токтотулду
Элита плюс
Июль 01, 2020 г.
Бишкекте 5, 11 жана 14-каттамдагы троллейбустардын иши убактылуу токтотулду
© Элита плюс

Бишкекте 5, 11 жана 14-каттамдагы троллейбустардын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн таң эрте Манас проспектисинде жол кырсыгы катталган, анда жеңил автоунаанын айдоочусу троллейбустук тосмону сүзүп, кулаткан. Ал эми линиялар калыбына келтирилди, тосмо азырынча алына элек. Буга байланыштуу түндүк багытты карай жүргөн троллейбустардын иши убактылуу токтотулду. Бул багыт аркылуу 5, 11- жана №14- каттамдагы троллейбустар жүрө берет.