Ийгилик сыры
Бишкекте №26 бала бакчанын кошумча корпусу курула баштады
Элита плюс
Май 22, 2023 г.
Бишкекте №26 бала бакчанын кошумча корпусу курула баштады
© Элита плюс

Бишкектин Киргизия-1 конушунда №26 бала бакчанын кошумча корпусунун курулушу башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бала бакча 140 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты 1442 чарчы метрди түзөт.

"Имаратта кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, кызматкерлер бөлмөсү, ашкана, изоляциялоо бөлмөсү, жабдууларды тазалоо үчүн кампа, спорт залы, музыка жана ыр сабактары үчүн зал каралган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда котлован жумуштары аяктап, колоннанын негизи даярдалууда.