Коом
Бишкекте 2500 ыктыярчы тартипти сактайт
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
Бишкекте 2500 ыктыярчы тартипти сактайт
© Элита плюс

Бүгүн түнү Бишкекте кечээкиден дагы көп ыктыярчы милицияга тартипти сактоого жардам берет. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов билдирди.  "Кечээ Бишкекте башаламандык болбошу үчүн 1,5 миңдей жигит көчөгө чыгып, тартипти сактоого жардам берди. Алар Бишкек шаарынан гана эмес, башка аймактардан дагы келгени белилүү болду. Ал жигиттерге чын дилимден ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү түнү дагы милицияга 2,5 миңден ашык ыктыярчы кол кабыш кылат", — деди Асанов. Эске салсак, 7-октябрга караган күнү белгисиз топтор дүкөн, кафелерди тоноого аракет кылышкан. Мисалы, "Нават" кафесине, Vefa соода борборуна мародерлук кылгысы келгендер болду. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын көздөй бет алгандардын жолун өз ыктыяры менен чогулган элдик кошуун тороп калган. Ошондой эле алар шаардын көп жерлеринде тынчтык жана тартипти камсыздап беришкен. Буга чейин Асанов алардын арасында жөнөкөй кийинген милиция кызматкерлери дагы иштегенин айтты.