Коом
Бишкекте 12миңден ашуун бала 1-класска катталды
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Бишкекте 12миңден ашуун бала 1-класска катталды
© Элита плюс

Бишкекте 12миңден ашуун бала 1-класска катталды. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, 15-августка карата борбор калаада 12 176 бала электрондук тизме аркылуу 1-класска катталды. Жалпысынан биринчи класска баласын кабыл алууну өтүнүп, 15 203 ата-эне кайрылган. Калган арыздар учурда каралып жатат. Ал эми 1-сентябрдан тарта шаардагы бала бакчаларга кабыл алуу өтүнүчү менен 26 423 баланын ата-энеси кайрылган. Буга чейин 29 111 бала кабыл алынган. Жалпы республика боюнча быйылкы окуу жылында 156 миң бала алгачкы жолу мектеп босогосун аттайт. Өкмөт 1-классты менчик түрүнө карабай, мектепте окутуу чечимин кабыл алды. Бул баланын социалдык адаптациясы, окуу көндүмдөрү, кол моторикасынын калыптануусу үчүн маанилүү деп белгиленди.