Коом
Бишкекке Түркиядан 328 кыргызстандык кайтып келди
Элита плюс
Июнь 09, 2020 г.
Бишкекке Түркиядан 328 кыргызстандык кайтып келди
© Элита плюс

Бишкекке Түркиядан 328 кыргызстандык кайтып келди. бул тууралуу Тышкы иштер министрилиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда бүгүн, 2020-жылдын 9-июнунда, “Turkish Airlines” авиакомпаниясынын Стамбул–Бишкек каттамы боюнча чартердик рейсин тосуп алышты.

Кыргызстанга Түркиядан 328 КР жараны кайтып келди.

Каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылды.
Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.