Коом
Бишкекке Катардан жана Кувейттен Кыргыз Республикасынын 107 жараны кайтарылды
Элита плюс
Май 14, 2020 г.
Бишкекке Катардан жана Кувейттен Кыргыз Республикасынын 107 жараны кайтарылды
© Элита плюс

Бишкекке Катардан жана Кувейттен Кыргыз Республикасынын 107 жараны кайтарылды.Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.
Маалыматка  ылайык, алар «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха - Бишкек» каттамы боюнча учуп келишти. Биздин жарандар менен кошо Казакстан Республикасынын 31 жараны дагы учуп келди, аларды казак тарабы аэропорттон тосуп алып, мекенине атайын унаа менен алып кетти.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылган.

Бул маселе Президенттин тапшырмасын аткаруунун алкагында КР ТИМ тарабынан иштелип чыккан.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.