Коом
Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди
Элита плюс
Май 26, 2020 г.
Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди
© Элита плюс

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди, алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Индиядагы Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу ж. б. максатында Индияда болушкан.

:exclamation: Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.
Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча дагы улантылууда.