Коом
Бишкекке бир катар чектөөлөр киргизилди
Элита плюс
Июль 01, 2020 г.
Бишкекке бир катар чектөөлөр киргизилди
© Элита плюс

Бишкекте коронавирустун жайылышын азайтуу максатында коомдук транспортторго чектөө киргизүү чаралары кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди.

“Троллейбус, автобус жана маршруттук каттамдар эртең менен саат 07:00дөн -10:00гө чейин иштеп, андан соң 10:00дөн- 17:00гө чейин тыныгуу кылат. Иш кайра 17:00дөн жанданып саат 21:00гө чейин иштейт. Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү каттамдар такыр токтойт”- деди калаа башчысы.

Мындан тышкары, кафе-ресторандардын иши 08:00дөн 20:00гө чейин гана жүргүзүлөт.

“Супермаркеттер, соода түйүндөр 07:00-19:00гө чейин иштөө режимин өзгөртүшү керек. Бишкектеги бардык базарлар 06:00-17:00гө чейин иштейт”