Коом
Бишкекке 151 жаран келди
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
Бишкекке 151 жаран келди
© Элита плюс

Бүгүн Бишкекке Санкт-Петербургдан 151 жаран, анын ичинде кичинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, орундардын чектелүү болгондугуна жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна байланыштуу жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз аракеттешүү ыкчам штабынын алдындагы комиссиясы тарабынан түзүлгөн.

"Комиссиялык тандоо кыргызстандык жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде гуманитардык критерийлер боюнча жүргүзүлгөн. Бул каттам менен Россиянын окуу жайларында билим алган студенттер, боюнда бар жана кичинекей балдары бар аялдар, жакын тууганынын каза болгондугуна байланыштуу кайтып жаткан, оор илдети бар жана мындан мурдараак хирургиялык операция жана башка медициналык процедуралар үчүн Россияга барган жарандар кайтарылган", - деп билдирет министрлик.

Министрликтен билдиришкендей, чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер уланууда.