Коом
Бишкек: Өткөрмөнүн электрондук түрү бериле баштайт
Элита плюс
Март 30, 2020 г.
Бишкек: Өткөрмөнүн электрондук түрү бериле баштайт
© Элита плюс

Бишкекте 31-марттан тартып өзгөчө абал учурунда колдонулуучу өткөрмөлөр электрондук ыкма менен бериле баштайт. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, документтерди кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү Бишкектеги төрт райондук ички иштер башкармалыктарында жүргүзүлөт.

«Санариптештирүүнүн алкагында өткөрмө берүү боюнча электрондук тутум ишке киргизилип жатат. Эми үйдөн чыкпай эле өткөрмө алууга болот. Ошондой эле, 1312 ыкчам байланыш телефон номуру иштеп жатат», - деди ал.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.

Буга чейин коронавирус жуктургандардын саны 84 болсо, бүгүн дагы 10 киши илдетке кабылганы белгилүү болду. Алардын баары Жалал-Абад облусунун тургундары. Коронавирустан үч киши айыгып чыкты.