Коом
Бишкек ШИИББи бул жылы шаар тургундарын Жаңы жыл майрамы менен өзгөчө куттуктады
Элита плюс
Декабрь 29, 2020 г.
Бишкек ШИИББи бул жылы шаар тургундарын Жаңы жыл майрамы менен өзгөчө куттуктады
© Элита плюс

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бардык жарандарды келе жаткан Жаңы жылы менен кызматтык унаалардын жардамы аркылуу куттукташты.

Анда унаалар эски аянтка тизилип, жарыктары музыканын коштоосунда күйүп, балатыны жана 2021-жыл деген жазууларды чагылдырганын көрүүгө болот. Бул видео интернетке тарап, социалдык тармактын колдонуучулары жакшы маанай тартуулагандары үчүн ыраазычылык билдиришүүдө.

"Бул жыл оор жана кайгылуу жылдардан болду, кээ бирибиз жакындарыбызды, туугандарыбызды жоготтук. Жаңы жылды жалгыз тосом деген адамдар да бар экен. Биз оор күндөрү дайыма жаныңарда болобуз, анткени баарыбызда үмүт жана ишеним бар. Бишкек милициясы оор жылда муктаж болгондорго жардам берип, кыйынчылык күндөрдө бири-бирине канчалык биримдиктүү жана кайрымдуу болуш керек экендигин көрсөткөн жарандарыбызга чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет. Жаңы жылдын урматына милиция кызматкерлери бардык жарандарга жаңы жылдык сюрприз жасап, бул майрамдык видеону баарына тартуулайбыз", - деп жазылат куттуктоодо.