Коом
Бишкек шаарынын тез жардам кызматына кайрылган чалуулардар азайды
Элита плюс
Июль 23, 2020 г.
Бишкек шаарынын тез жардам кызматына кайрылган чалуулардар азайды
© Элита плюс

Акыркы күндөрү Бишкек шаарынын тез жардам кызматына кайрылган чалуулардын саны азайды. Бул тууралуу тез жардам медициналык борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов билдирди. Анын айтымында, акыркы сутка ичинде 103 кыска номуруна 1 миң 667 чалуу келип түшкөн. Медициналык жардам сурап кайрылгандардын эң көбү 29-июнда катталган, анда бир сутканын ичинде 5 миң 58 чалуу болгон. Чалуулардын азайганы 4-июлда борбор калаадагы күндүзгү ооруканалар ачылгандан тартып байкала баштады. Ал эми түнкү ооруканалар ачылганы түнкүсүн жардам сурап кайрылгандардын санын азайтты. «Бул көрсөткүчтүн натыйжасында бейтаптар тез жардам бригадаларын көпкө күтүшпөйт жана өз убагында жардам ала алышат», — дейт Искендер Шаяхметов