Коом
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды
Элита плюс
Декабрь 16, 2022 г.
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды
© Элита плюс

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри А.А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын УКМК Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасында коррупциялык механизмдер аныкталган.

Такталгандай, 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу максатында, ишкананын өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз чыгарып кетүү уюштурулган.

Өзгөчө, каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары болбостон, чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен «Бишкексвет» ММ имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Мындан тышкары, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражаттарын уурдоо фактысы аныкталды.

2016-2019-жылдары «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксаттарды берүүдө жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошууда мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 31 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Белгилей кетсек, бул коррупциялык компоненттер иштеген мезгилде «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору А.А.А. болгон, буга чейин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын аркалаган.

2022-жылдын 15-декабрында козголгон кылмыш иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык А.А.А. кармалды жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.