Коом
Бишкек шаарынын мэри кезексиз жыйын өткөрдү
Элита плюс
Март 06, 2023 г.
Бишкек шаарынын мэри кезексиз жыйын өткөрдү
© Элита плюс
Бишкек шаарынын мэри кезексиз жыйын өткөрдү
© Элита плюс
Бишкек шаарынын мэри кезексиз жыйын өткөрдү
© Элита плюс
Бишкек шаарынын мэри кезексиз жыйын өткөрдү
© Элита плюс
Бишкек шаарынын мэри кезексиз жыйын өткөрдү
© Элита плюс

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров райондордун акимдери, шаардык кызматтардын, ошондой эле муниципалитеттин борбордук аппаратынын өкүлдөрү менен кезексиз жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр бир айлык мөөнөттө турак жай-коммуналдык чарба тармагында активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Калаа башчысы өзгөчө “Тазалык”, “Бишкекасфальтсервис”, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканаларынын ишин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, ыңгайлуулук үчүн атайын техникалар менен көчөлөрдү жууп-тазалоо иштерин уюштуруу, жол белгилери өчүп калган жерлерге жол сызыктарын түшүрүү, "Тазалык" муниципалдык ишканасынынын тазалык кызматкерлеринин ишинин сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле акимдерге шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан чарбалык субъектилердин ээлерине имараттардын фасаддарын бир иретке келтирүү (эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу) боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкек шаарында 3 айлык ишембилик жарыяланган. Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жарандык демилге көрсөтүп, ишембиликке катышууга чакырат.