Коом
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров: "Жашасын Кыргызстаныбыз, Жашасын борбор калаабыз!”
Элита плюс
Апрель 29, 2022 г.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров: "Жашасын Кыргызстаныбыз, Жашасын борбор калаабыз!”
© Элита плюс

«Бүгүн Бишкек шаарынын туулган күнү. Шаар макамын алганына 144 жыл толуп олтурат. Бишкек шаарыбыз – узак жолдорду карыткан тарыхка бай, маданияттын туу чокусуна айланган шаарлардын бири.

Бишкек – чокусу ак мөңгү баскан улуу тоолордун этегинде жайгашкан, жапжашыл бак-дарактарга курчалган эң сонун шаар. Кыргызстан калкынын 20 пайызынан ашык эли мына ушул борборубуз болгон Бишкекте жашап, Кыргызстандын илим-билиминин, маданиятынын, экономикасынын флагманы катары күн кечирип жатышканын баса белгилегим келет.

Бишкекте иштерман, мээнеткеч ар улут элдери жашайт. Алардын эмгекчилдиги жана эркин ойлоп, замандын шары менен тең жарышкан жашоо агымы өзгөчө жылуу маанай жаратып, кыргыз борборунун кайталангыс мүнөзүн жаратууда.

Шаарыбызда элибизди өз мээримине, сулуулугуна, тазалыгы менен жылуу кучагына тарткан жагымдуу жүзү болушу керек. Ага жетишүү үчүн мэриянын, депутаттардын жана шаардын жашоочуларынын жигердүү биргелешкен аракети зарыл.

Эгерде ар бир шаардык тазалык, тартип үчүн камкордук көрсө, алар өздөрү адептүү жана маданияттуу болушса, анда Бишкек сөзсүз таза, көрктүү жана сыймыктуу шаар болооруна мен сиздерди ишендире алам.

Бишкек шаары өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары жаңы рынок шартында, өзгөрүүлөрдүн толкунунда, өз жолун оңой эмес шартта басып келүүдө. Шаар жакшырууда жана жаңыланууда. Көптөгөн жаңы имараттар курулуп, заманбап инфраструктуралык объектилер пайда болууда, соода жана тейлөө чөйрөсү кулачын жаюуда, жолдор жапырт оңдолууда. Жылдык кирешебиз жылдагыдан кеңейүүдө.

Бул албетте, бизге алдыда жасай турган шаардын архитектурасын кескин жакшыртуу, транспорт тыгындарын азайтуу, жол тармактары кеңейтүү, айлана чөйрөнү таза сактоо, шаар тургундарынын жана меймандарынын керектөөсүн жана каалоосун жүзөгө ашыруу сыяктуу пландарыбызга чоң мотивация берет.

Биздин максатыбыз – ата-бабаларыбыз кылымдар бою калыптандырган ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактап, пейилибизди оңдоп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, Бишкек шаарын кийинки муундар суктангыдай шаарга айландыруу.

Шаарыбызды өнүктүрүп, көрктөндүрүүнү бийликтен гана күтпөй, шаардын ар бир тургуну жашоосун жакшыртууга, айлана-чөйрөсүн көрктүү кылууга өз салымын кошууга тийиш.

Сиздердин жана биздин биргелешкен аракет менен сүйүктүү Бишкек шаарыбызды Кудай буйруса дүйнө эли суктанган шаарга, жашоого жайлуу, балдардын күлкүсү жаңырган бейпил үйгө айландыраарыбызга Сиздерди ишендирип кете алам.

Урматтуу борбор шаарыбыздын жашоочулары!

Сиздерди дагы бир жолу шаарыбыздын 144 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, жарык маанай, бакубатчылык жана ийгилик каалайм!

Жашасын Кыргызстаныбыз,
Жашасын борбор калаабыз!”