Коом
Бишкек шаарынын мэри 120 автобус качан келерин айтты
Элита плюс
Ноябрь 23, 2022 г.
Көрүүлөр: 6
Бишкек шаарынын мэри 120 автобус качан келерин айтты
© Элита плюс

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдылканов шаардын транспорт маселеси боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө.

 

Ал Бишкек шаары үчүн алынган 120 автобус качан келерин айтты.

 

"Автобустардын келиши 15-декабрга пландалууда. Ал автобустар келиши менен жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. 120 автобус үчүн каттоо схемасы даярдалган. Алар шаардын борбордук бөлүгүндө каттайт. Ал эми маршруткалар конуштарга каттай баштайт",- деди калаа башчысы.