Коом
Бишкек шаарындагы санитардык эрежелерди бузган кафелер аныкталды
Элита плюс
Сентябрь 11, 2020 г.
Бишкек шаарындагы санитардык эрежелерди бузган кафелер аныкталды
© Элита плюс

Бишкек мэриясы Мамсанитэпидкөзөмөл борборунун, райондук ички иштер башкармалыгынын, райондук администрациялардагы экономика жана финансы бөлүмдөрүнүн жана Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлорунун кызматкерлери менен биргеликте ар бир райондогу коомдук тамактануу жайларын кыдырып, текшерип чыгышты. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, 40тай тамактануучу жай текшерилип, санитардык эрежелерди бузган 8 жай аныкталды. «Азия» кафесине, «Улуу-Тоо» чайханасына, «Береке», «Нур Суфра», “Дасмия”, “Ак-Сарай”, “Сый-Ордо”, “Ала-Тоо” ресторандарына КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү. «Бузуучуларга экинчи категориядагы айыппул – жеке жактарга үч миң сом, юридикалык жактарга он үч миң сом салынды», - деп айтылат билдирүүдө. 
Бишкек мэриясы ишкерлерден жана шаардыктардан санитардык эрежелерди сактоону өтүнөт.