Коом
Бишкек шаарында 2-октябрдан 8-октябрга чейин жол кыймылынын эрежеси 2072 жолу бузулган
Элита плюс
Октябрь 12, 2020 г.
Бишкек шаарында 2-октябрдан 8-октябрга чейин жол кыймылынын эрежеси 2072 жолу бузулган
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА
Бишкек шаарында 2-октябрдан 8-октябрга чейин жол кыймылынын эрежеси 2072 жолу бузулган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-октябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
 
Алардын ичинен:
 
- 41 айдоочу мас абалда болчу;
 
- 9 унаанын алдыңкы терезелери караңгылатылган;
 
- 54 айдоочу унааларын тийиштүү документи жок башкарып жүргөн;
 
- башка мыйзам бузуулар — 1968.
 
Жалпысынан 203 унаа айып короого токтотулган.