Коом
Бишкек шаарына 1 миллион 234 миң гүл отургузулган
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Бишкек шаарына 1 миллион 234 миң гүл отургузулган
© Элита плюс

Бишкек шаарына 1 миллион 234 миң гүл отургузулган. "Бишкек жашыл- чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Диля Барбориева Алатоо 24 каналынын "Иш илгери" программасында билдирди. Анын айтуусунда, калаада 30 га жакын гүлдүн түрү бар. Октябрь айында роза гүлдөрдү отургузулат. Буга чейин Борбор калаадагы «Жеңиш» паркы, Ала- Тоо аянты жана башка сейилдөөчү жайлар көрктөндүрүлдү. Мындан ары «Ден-соолук» жана «Ынтамак 2» паркына гүлдөр отургузулат. Башкы агроном, 2021-жылы көп жылдык гүлдөр мындан эки эсеге көп отургузуларын кошумчалады.