Коом
Бишкек шаары боюнча коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда
Элита плюс
Май 23, 2020 г.
Бишкек шаары боюнча коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда
© Элита плюс

Бишкек шаары боюнча коронавирустун жайылып кетүү тобокелчилиги жогору бойдон калууда

“25-майдан тарта Бишкекте экономикалык ишмердүүлүк жандангандыктан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн жоопкерчиликтүү жана эӊ коркунучтуу этабы башталат. Бүгүнкү күнгө чейин Өкмөт өзүн-өзү изоляциялоонун катаал шарттарында, коменданттык саат, ӨА жана ӨК режимдерин киргизүү менен COVID-19 вирусунун жайылышын кармап тура алды. Азыр болсо бизнестин, шаар тургундарынын жана бийликтин өз ара жоопкерчиликтүү этабы башталууда”, - деп билдирди борбор калаанын мэри Азиз Суракматов.

Ал бардык чарбалык субъекттерди жана менчик формасына карабастан бардык жетекчилерди, өзгөчө соода борборлорунун, транспорттук уюмдардын, спорттук залдардын жана базарлардын жетекчилерине эскертти, эгерде алардын объекттеринде COVID-19 вирусунун жайылышынын очогу же борбору аныкталса, КР мыйзамына ылайык жоопкерчилик каралат.