Коом
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан үч адам каза болду
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан үч адам каза болду
© Элита плюс

Токтогул районунда Бишкек – Ош трассасынын 310-чакырымында «Хонда Одиссей» жана «Тойота Фораннер» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык 12-октябрда болжол менен саат 13:48де болгон.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, кырсыктан үч адам каза болгон: 53 жаштагы эки киши жана 50 жаштагы аял. Андан тышкары, дагы алты адам жабыркаган.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, маркумдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.