Коом
Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Элита плюс
Ноябрь 12, 2020 г.
Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
© Элита плюс

Аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бел ашуусунда кардын тынбай жаап жолдун тайгактыгынан тыгындарды жоюу максатында Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымында жайгашкан "Арал" стационардык посттунан бүгүн, 12-ноябрда саат 19:30дан баштап, Бишкек багыты боюнча оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Чектөө тиешелүү мекемелер тарабынан жолдор толугу менен тазаланып бүткөн соң алынат.