Коом
Бишкек мэриясы электробустарды сатып алат
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
Бишкек мэриясы электробустарды сатып алат
© Элита плюс

Бишкек мэриясы электробустарды сатып алат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Коомдук транспортту электрондоштуруу долбоору боюнча Каржы министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Аталган долбоор төрт этаптан турат. Ал жалпы 58,9 млн долларга бааланууда. Азия өнүктүрүү банкы меморандумга ылайык 50 млн долларын насыя катары, 15 млн долларын гранттык негизде берет. Каражаттар электробустарды сатып алууга, курулуш иштерине жана консультациялык кызматтарга сарпталат. Белгилей кетсек, бул транспорт тармагын узак мөөнөткө электрондоштуруу жолундагы биринчи кадам болуп саналат.