Коом
Бишкек: Мэрияда кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Бишкек: Мэрияда кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду
© Элита плюс

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова ээлеген кызматынан бошотулду. Ал 2019-жылдын февраль айынан тарта вице-мэр кызматын ээлеп келген. Анын ордуна инженер-программист, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасын жетектеген Виктория Мозгачева дайындалды.

Ошондой эле мэриянын борбордук аппаратынын жетекчиси Балбак Түлѳбаев өкмөттүн Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү болуп дайындалганына байланыштуу, берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Анын ордуна Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Адилет Малдыбаев келди.

Ал эми Октябрь районунун акиминин кызматына Азамат Дороев келди. Ал буга чейин райондук администрациянын аппаратынын башчысы кызматында турган.

“Тийиштүү буйруктарга борбор калаанын мэри Азиз Суракматов кол койду”, - деп айтылат маалыматта.