Коом
Бишкек мэри Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту
Элита плюс
Февраль 17, 2023 г.
Бишкек мэри Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту
© Элита плюс
Бишкек мэри Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту
© Элита плюс
Бишкек мэри Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушту
© Элита плюс

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Азия өнүктүрүү банкынын аймактык департаментинин кеңешчиси-жетекчиси Петер Малло баштаган делегациясы менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тараптар борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Мэр Бишкек шаарынын мэриясы айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуу маселесине өзгөчө маани берерин, ошондуктан бул багытта биргелешкен иш алып баруу үчүн бардык сунуштар муниципалитет тарабынан дыкат караларын белгиледи.

Тараптар ошондой эле "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун келечегин талкуулашты.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясы Азия өнүктүрүү банкы аркылуу "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорун ишке ашырууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлор боюнча мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артышты.