Коом
Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Элита плюс
Апрель 01, 2021 г.
Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
© Элита плюс

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.