Коом
Бишкек – Кашгар багыты боюнча автобустар каттай баштады
Элита плюс
Март 10, 2023 г.
Бишкек – Кашгар багыты боюнча автобустар каттай баштады
© Элита плюс

 Үстүбүздөгү жылдын 8-мартынан тарта Бишкек – Кашгар (КЭР Синьцзян – Уйгур автономиялуу району) багыты боюнча көп орундуу автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылып, автобустар саат 16:00дө Бишкек шаарындагы Батыш автовокзалынан жолго чыгат.

Билет баасы - 7 миң 431 сом (85$)