Аймактар
Бирөөнүн унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды
Элита плюс
Апрель 17, 2023 г.
Бирөөнүн унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды
© Элита плюс
Бирөөнүн унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды
© Элита плюс

Ушул жылдын 12-апрель күнү милицияга жаран Ш.И. арыз менен кайрылып, Өзгөн шаарында баасы 350 миң сомдук “Део-Тико” үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш адамдар күч колдонуу менен тартып алгандыгын билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Өзгөн РИИБдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш ишин козгошкон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдү кармашкан. Алар, мурда бир нече жолу соттолгон 1987-жылы туулган С.Б. менен 1990-жылы туулган Т.Р..
Кармалган жарандар Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы