"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Спорт
"Бириккен күрөш дүйнөсү” эл аралык уюму Тыныбекованын кантип чемпион болгонун жарыялады
Элита плюс
Июнь 24, 2020 г.
"Бириккен күрөш дүйнөсү” эл аралык уюму  Тыныбекованын кантип чемпион болгонун жарыялады
© Элита плюс

Интернетте Кыргызстан жана спортчу Айсулуу Тыныбекова  2019-жылы кантип күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгондугу тууралуу видео тарады. Аны UWW (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму Instagram тармагындагы расмий баракчасына жарыялаган. "Кыргызстанга келсеңер, кызыктуу нерселерди табасыңар. Мында боорукер, акыл-эстүү жана максатына берилген адамдар жашайт. Балдар кичине кезинен баштап күрөш эр жүрөк жана кайраттуулардын спорту экенин билет", — деп айтылат видеонун башында.

Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону боло алган биринчи кыргызстандык. Финалдык таймашта ал ошол убактагы чемпион, болгариялык спортчу Тайбе Юсейн менен ат салышкан. Мелдеш 5:3 эсеби менен аяктаган.

Кийин Айсулуу бул жеңишин Кыргызстанга арнаганын айткан.

https://www.instagram.com/tv/CBuJU9kHs4v/?utm_source=ig_web_copy_link

Булак: Спутник Кыргызстан