Дүйнөдө
Бир жыл ичинде эң көп киреше тапкан дүйнөлүк белгилүүлөр аныкталды
Элита плюс
Декабрь 17, 2020 г.
Бир жыл ичинде эң көп киреше тапкан дүйнөлүк белгилүүлөр аныкталды
© Элита плюс
Белгилүү "Forbes" журналы быйыл эң көп киреше тапкан дүйнөлүк атактуулардын бир жылдык рейтингин чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, тизменин сап башын АКШлык модель жана ишкер Кайли Женнер ээледи. Ал 590 миллион доллар киреше тапты. Экинчи орун рэпер Канье Уэстке берилди. Анын жылдык кирешеси 170 миллион долларды түздү. Ошондой эле жылдык кирешеси 87 миллион 500 миң долларды түзгөн актёр Дуэйн Жонсон үчүнчү орунду ээлесе, андан кийин ырчы Рианна турат. Анын жылдык кирешеси 46 миллион долларды түзөт.