Коом
Бир суткада вирустан 44 бейтап каза болду
Элита плюс
Июль 22, 2020 г.
Бир суткада вирустан 44 бейтап каза болду
© Элита плюс

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 44 адам ажал тапты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 16, Ош шаарында 3, Чүй облусунда 7, Ош облусунда 3, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусу 4, Жалал-Абад облусунда 7 жана Баткен облусунда 1 адам (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 29 миң 359га жетти. Илдеттен жалпы 15 миң 851 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1123тү түзөт.