Коом
Бир суткада вирустан 19 адам каза болду
Элита плюс
Август 01, 2020 г.
Бир суткада вирустан 19 адам каза болду
© Элита плюс

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 19 адам каза тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 3, Ош шаарында 3, Чүйдө 2, Ысык-Көлдө 4, Ош облусунда 2, Жалал-Абадда 3, Нарында бир жана Баткенде бир адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 36 миң 299га жетти. Илдеттен жалпы 26 миң 426 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1397ни түзөт.