Коом
Бир суткада төрт бейтап илдеттен каза болду
Элита плюс
Июль 02, 2020 г.
Бир суткада төрт бейтап илдеттен каза болду
© Элита плюс

Өткөн сутка ичинде төрт бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – бир (71 жаштагы эркек киши), Ноокат аймактык ооруканасынан – бир (70 жаштагы эркек киши), Кочкор аймактык ооруканасынан – эки (69 жаштагы аял киши, 56 жаштагы эркек киши) адам илдеттин кесепетинен каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ди түзөт. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.