Коом
Бир суткада COVID-19 инфекциясынан пневмонияны кошкондо 14 бейтап каза болду
Элита плюс
Июль 31, 2020 г.
Бир суткада COVID-19 инфекциясынан пневмонияны кошкондо 14 бейтап каза болду
© Элита плюс

Акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан пневмонияны кошкондо 14 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, Бишкекте 2, Чүй облусунда 3, Ош шаарында бир, Нарын облусунда бир, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4 жана Баткенде бир адам илдеттен кайтыш болду. Муну менен өлкө боюнча каза болгондордун жалпы саны 1 378ди түздү.